• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ниязбеков Казакстанда КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчыларынын жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркестан шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, ошондой эле жыйынга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин делегациялары, КМШнын Аткаруу комитетинин, шериктештикке мүчө мамлекеттердин Терроризмге каршы борборунун жана Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар мамлекеттер аралык издөөнү ишке ашыруу, киберкылмыштуулукка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, транспорттогу кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелерин, ошондой эле 2019-2023-жылдарга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашып, биргелешкен ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жана атайын операциялардын жыйынтыктары чыгарылды.

Ички иштер министрлеринин кеңешинин төрагасы - КР ИИм башчысы Улан Ниязбеков чогулгандар менен учурашып, кеңештин жана жеке өзүнүн атынан полициянын генерал-лейтенанты Ержан Саденовду Казакстан Республикасынын Ички иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишинде ийгиликтерди жана жаңы бийиктиктерге жетишүүнү каалады.

Андан соң Ниязбеков катышуучуларга Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү, биргелешкен долбоорлордун жана эл аралык программалардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий