• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте билим берүү маселелери боюнча Тelegram-канал ачылды

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти Telegram мессенжеринде канал ачты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар тууралуу суроосу бар ата-эне Telegram`дагы издөө системасына “Бишкек-мектеп-бала бакча” деп кирип, андан соң каналга кирип, суроо берсе болот.

Бул баарлашууда борбор калаанын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү башкармалыктардын адистери КР мыйзамдарынын алкагында кеп-кеңештерин беришет.

Белгилей кетсек, борбор калаада 121 мектеп жана 111 бала бакча бар.

Пикир

Оставить комментарий