• 86.8
  • 91.52
  • 0.78

Бишкекте автобус сүзүп кеткен жаран каза тапты

Кырсык 0


Бишкек, 28.11.24. /Кабар. Бишкекте автобус сүзүп кеткен жаран каза тапты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, бүгүн таңга маал 06:30дар чамасында Курманжан датка көчөсүнөн автобус 73 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Ал алган жаракаттарынын кесепетинен Тез жардам келгиче каза болгон.

Окуя боюнча Бишкек ШИИББи териштирүү иштерин баштап, экспертиза дайындалды. Автобус айып төлөөчү жайга киргизилди.

Ал эми автобустун 60 жаштагы айдоочусу Тергөө кызматына жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий