• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Чүй облусунда 17 жаштагы өспүрүм асынып алды

Кырсык 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Чүй облусунда 17 жаштагы өспүрүм асынып, каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 8-мартта Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмүнө жашы жете элек баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өспүрүм өзүнүн үйүнүн короосунан табылган. Ал К.Ш. экени аныкталган.

Милициядан сыртынан кароо жүргүзүүдө денесинен жарат алган издери табылбаганын белгиледи.

“Өспүрүм өлөр алдында өзүнүн телефонуна видеокайрылуу жасап кеткен. Ал өзүнүн жакындары менен коштошуп, алардан кечирим сураган”, - дешти милициядан.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери иштин бардык жагдайын аныктап жатышат.

Тиешелүү экспертиза дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий