• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токтогулда жүк ташуучу унаа толугу менен күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Токтогулда жүк ташуучу унаа толугу менен күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 302-чакырымында “Газель” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, өрт саат 17:02 курчоого алынып, саат 17:50дө толугу менен өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий