• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте автобус жана маршруттук унааларга көзөмөл күчөтүлөт – ЖКККББ

Коом 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Бишкекте автобус жана маршруттук унааларга көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көзөмөл Ички иштер министрлигинин эки айлык иш мерчемин ишке ашыруу максатында күчөтүлүүдө.

Жакында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү жана жалпы коомдук транспорттордун айдоочуларынын катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Анда соңку учурлардагы автобустардын, маршруттук унаалардын катышуусунда адам өлүмү менен коштолуп жаткан жол кырсыктары каралып, алардын алдын алуу максатында айдоочулардын айдоо маданиятын жогорулатуу, каттам учурунда кардар талашып, катуу айдаган, жол чырактарга баш ийбеген, уюлдук телефонго алаксыган, унаа башкаруу учурунда тамеки чеккен, жүргүнчүлөрдү туура эмес жерлерден салган же түшүргөн айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери автобус, маршрут өңдүү жүргүнчүлөрдү ташыган унаалардын катышуусунда 254 жол кырсыгы катталып, 450 жаран ар кандай жаракаттарды алган. Тилекке каршы 31 адам көз жумган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу бир топ пайызга азайганы менен бүгүнкү күндө дагы эле болсо маанилүү көйгөй болуп калууда.

Ал эми ЖКККББ тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жана маршруттук унааларга карата жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 4 692 Укук бузуу протоколдору түзүлүп, 377 айдоочу кызматынан четтетилген.

Пикир

Оставить комментарий