• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте автобуста бараткан жүргүнчү каза болгон – милиция жана мэриянын комментарийи

Кырсык 0

Бишкек, 25.07.24. /Кабар/. Бишкекте №166 автобустун жүргүнчүсү каза болду.

"Кабар" агенттигине мэриядан билдиришкендей, автобустун айдоочусу жүргүнчүнүн абалы начарлаганы тууралуу маалыматты уккандан кийин дароо тез жардам кызматын чакырган.

55-60 жаштардагы эркек жүргүнчү тез жардам кызматы келгенге чейин каза болуп калган. Автобус чыгыш тарапты көздөй бара жаткан, окуя Чүй проспектиси менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Тез жардам кызматы келип, өлүм тастыкталгандан кийин соттук-медициналык экспертиза келген.

Өз кезегинде Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жүргүнчүнүн каза болгону тууралуу маалымат 24-июль саат 11:47де түшкөнүн билдирди.

"Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган, анын алкагында экспертиза дайындалды. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ каза болгон жаран чет өлкөлүк 1970-жылы туулган С.М. экенин аныкташкан", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий