• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин 2-жыйыны өттү

Экономика 0

Бишкек, 25.11.23. /Кабар/. Бишкекте Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин 2-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңеши жөнүндө жобонун долбоорун бекитүү, башкармалык жобону бекитүү жөнүндө маселелер, ошондой эле фонддун иш жүзүндө ишке киришине тиешелүү башка документтер каралды.

Мындан тышкары, экинчи жолугушууда азербайжан тараптан фонддун теңтөрагасы Бабаев Игбал Алижан оглунун сунушу болду.

Буга чейин 2023-жылдын 26-июлунда Чолпон-Ата шаарында биринчи отурум болуп, анда фондду практикалык ишке киргизүү боюнча уюштуруу иш-чараларын ишке ашыруу, анын ичинде фонддун төрагасынын орун басарын дайындоо, анын кеңеши, жайгаштыруу, түзүмү жана бюджети, ошондой эле фонддун стратегиясын иштеп чыгуу, кеңештин жобосу, инвестициялык, кредиттик, облигациялык саясат жана тобокелдиктерди тескөө саясаты жана башкалар каралган.

Пикир

Оставить комментарий