• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо борборунда жаш жоокерлер ант беришти

Коом 0

Бишкек, 25.11.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда жаңы кабыл алынган аскерлердин ант берүү салтанаты өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, салтанатка министрдин орун басары Урматбек Шамырканов жана келечектеги куткаруучу жоокерлердин ата-энелери, туугандары катышты.

Ант берүү расмиси аяктаган соң Урматбек Шамырканов борбордун тарыхына токтолуп, учурда аскердик мекеме кандай иш алып барарын баса белгиледи.

“Ата Мекен алдында ант берүү, аны коргоо ар бир жарандын милдети. Жүрөгү мекен деп соккон жоокерлер ант бүгүн бердиңиздер. Антыңарды бекем сактагыла жоокерлер! Ар бир эр-азамат аскердик милдетин аткарып, өлкөнүн, элдин коопсуздугу үчүн болгон күч-аракетин жумшайт. Бир жыл бою Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборго келген жоокерлер саптык даярдыктан өтүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, тоодон, суудан куткаруу, табигый жана техногендик кырсыктардан жабыркагандарды куткаруу ыкмаларын толук өздөштүрүшөт.

Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев демилгелеген кошумча кесиптерге ээ болуу ишке ашты. Жоокерлерибиздин бир жылы текке кетпей англис, түрк тилдерин үйрөнүүгө шарт түзүлүп, электрик, ширетүүчү кесиптеринин ээси болуп, алгачкы кесиптик билим менен кайтышты”, - деген министрдин орун басары Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун тарыхына да кеңири токтолду.

Ант берүүнүн расмий бөлүгү аяктаган соң жетекчилер ата-энелер менен бирдикте жоокерлердин окуу бөлмөлөрүн, жатаканасын, ашканасын көрүп чыгып, аларды кызыктырган бардык суроолорго жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий