• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңештин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жыйыны өттү.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар өнөр жай тармактарынын, анын ичинде дан эгиндеринин жана кант кызылчасынын абалына байланышкан орчундуу маселелерге токтолушуп, мал чарбасындагы жетишкендиктерди жана кыйынчылыктарды белгилешти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө 9 негизги социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлары бекитилип, анын 7си ички өндүрүштүн эсебинен толук камсыздалганын баса белгиледи.

Тиешелүү мамлекеттик органдын маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-июль айларына карата өзүн-өзү камсыздоонун деңгээли төмөндөгүдөй:

- Нан азыктары – 86,5%
- Картошка – 162,8%
- Жашылча-жемиштер – 159,0%
- Эт – 79,1%
- Сүт – 116,3%
- Кант - 49,2%
- Жумуртка – 71,4%
- Өсүмдүк майы - 48,5%

Ошондой эле калктын муктаждыктарына байланыштуу жаңы түшүмгө чейин калктын өзүн-өзү камсыз кылуу пайызы төмөндөп кетиши мүмкүн экени айтылды. Буга байланыштуу МинКаб төрагасынын орун басары айыл чарба өндүрүшүн колдоо жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү стимулдаштыруу боюнча кошумча чараларды көрүүнү тапшырды.

Кеңештин отуруму өлкөнүн өзүн-өзү камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жана айыл чарбасында туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча мындан аркы кадамдар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий