• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Абылгазиев: Жерди өз билемдик менен басып алууда негизинен бийлик күнөөлү болчу

Өкмөт 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Жерди өз билемдик менен басып алууда негизинен бийлик күнөөлү болчу, бирок маселени элге кам көрүү жолу менен чечиш керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Бишкек шаарынын ЖЭБ-2си менен таанышуу маалында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, бүгүнкү күндө негизги маселелердин бири – бул курулушу 1986-жылы башталып, бирок аягына чыга элек ЖЭБ-2нин тагдыры. Андан бери көп убакыт өттү, бирок станция дагы деле ишке кире элек.

Премьер-министр 1986-жылы ЖЭБ-2ни куруу үчүн Сокулук районунан 136 гектар жер бөлүнгөн, 2005-жылы 27, 7 гектар жер өзүм билемдик менен басып алышкан. Учурда бул территорияга миңден ашык турак жай салынып калды.

«Биз оптималдуу чечим чыгарышыбыз керек. Бул өңдүү стратегиялык объект менен болгон мындай жагдайга – албетте, биринчи кезекте бийлик күнөөлүү. Тилекке каршы мындай кырдаал бул жерде гана орун алган жок. Эгерде өз убагында алар жерлерди басып алууга адамдарга мүмкүндүк беришпесе, аларга түшүндүрүшсө, бүгүнкүдөй көйгөй болбойт эле. Эми болсо адамдар жашоосун жөндөп алышкандан кийин, көптөгөн укуктарына, айрыкча социалдык камсыздоо укуктарына ээ эмес. Ошондуктан биз маселени мыйзам чегинде гана жана адамдарга камкордук көрүү менен кароого тийишпиз. Мүмкүн болгон жерде мыйзамдаштырып, ал эми туура келбегини боюнча адамдарга адилеттүүлүктү калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүп, маселени болушунча кылдаттык менен чечүү керек. Мындай чечимдер өзүм билемдиктин жана жооптуу мамлекеттик органдардын шалаакылыгынын айынан өндүрүштүк объекттер өз жерлеринен ажыраган жерлердин баарын кабыл алынышы керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, энергетиктер бардык зарыл эсептөөлөрдү жүргүзүп, шаардык ЖЭБ-2нин ишин жандандыруунун оптималдуу жолун табып, инвестициялык долбоордун натыйжалуу моделин сунуштоолору керек. Мухаммедкалый Абылгазиев шаар үчүн маанилүү энергетикалык объектти өнүктүрүүнүн мүмкүндүктөрүн жана келечектерин терең талдоону тапшырды. Бул Бишкек шаарынын энергетикалык тутумун бекемдөө жана борбордо жана анын айланасында экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн анын потенциалын максималдуу натыйжалуу пайдаланууга багытталат.

Пикир

Оставить комментарий