• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңештин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кыргызстандын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө айрым продукцияларды өлкөгө импорттоого убактылуу чектөөлөрдү киргизүү, айрым мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн импорттоого чектөөлөрдү узартуу, айыл чарба жаныбарларын экспорттоого квота берүү сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо зарылдыгына токтолгон минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандын ар бир жараны сапаттуу жана коопсуз азык-түлүккө ээ болушу үчүн тиешелүү бардык мамлекеттик органдар биргеликте активдүү иш алып баруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле, жаңыдан түзүлгөн Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институтунун директору институт өлкөдөгү тамак-аштын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча илимий чечимдерди иштеп чыгуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлөөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий