• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте №7, 8 троллейбустардын каттамы убактылуу өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте №7 жана №8 троллейбустук каттамдардын кыймылы убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр №18 көмөкчордондун фидердик өчүргүчтөрү белгисиз себептерден улам иштен чыккандыгына байланыштуу орун алды.

Кырсык жоюлганга чейин троллейбустук каттамдар убактылуу кыскартылды:

- №8 маршруттук каттам Чыгыш автобекетинен Тимур Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишине чейин;
- №7 маршруттук каттам – Тунгуч кичи районунан – Москва жана Ю.Фучик көчөлөрүнүн кесилишине чейин.

Пикир

Оставить комментарий