Бишкекте бак-дарактарды санитардык бутоо иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Бишкекте бак-дарактарды санитардык бутоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери комиссиялык иликтөө жүргүзүп, андан соң куурап калган жана тамыр системасы чириген бак-дарактарды санитардык бутоодон өткөрүүдө.

Учурда Ч.Айтматов проспектисинде Ажыбек баатыр көчөсүнөн баштап Семетей көчөсүнө чейин бутоо иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган көчөдө жалпы 800 терек бар, бирок бутоо иштеринен куурап калган бутактары бар теректер гана өтөт.

Санитардык бутоонун максаты — коркунучтуу эски бутактарды алып салуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий