• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандын түштүгүндө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Коом 0

Бишкек, 27.10.18 /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө 27-октябрда болжол менен саат 02:48дер чамасында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагындагы Терек айылынан чыгышты карай 5 чакырым, Кызыл-Жар айылынан түндүк-чыгышты карай 7 чакырым, Ой-Тал айылынан түштүк-чыгышты карай 9 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 120 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөө Терек, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Кыйын-Талаа айылдарында 3 баллга жана Кондук, Кан-Коргон, Коо-Чаты айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий