• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет

Саясат 0

Бишкек, 27.10.18 /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин 2019-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Москвада ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушкан.

Жолугушууда эки тарап Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди талкуулашып, жогорку деңгээлде күтүлүп жаткан визиттер тууралуу пикир алмашышкан.

Ошондой эле эки өлкөнүн ТИМ башчылары Путиндин 2019-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапары тууралуу айрым маселелерди талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий