Бишкек, 29.09.23. /Айпери Кожоева - Кабар/. Бүгүн Бишкекте “ART-ORDO – 2023” IX эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталды.
Театр ишмерлеринин башын бириктирген фестиваль СССРдин эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналган.
Фестивалга Кыргызстан, Азербайжан, Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Каракалпак театрлары катышып, иш-чара 23-сентябрдан 29-сентябрга чейин уланды.
Фестивалдын жабылуу аземине Кыргызстандын маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, маданият жана искусство ишмерлери жана фестивалга катышкан театрлардын эмгек жамааттары катышты.
“2023-жыл ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Бакен Кыдыкеева жылы деп жарыянган. Бул биз үчүн өтө сыймыктуу. Бакен Кыдыкеева жылы ушул иш-чара менен эле бүтпөйт, Азербайджанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркияда дагы белгилейли деп турабыз”, - деди өз сөзүндө Кайрат Иманалиев.
Эске салсак, “ART ORDO” фестивалы 2003-жылдан бери уюштурулуп келет. Фестивалдын максаты – театр искусствосун жайылтуу, көрүүчүлөрдүн жаш муунун заманбап сахналык искусствонун мыкты үлгүлөрүнө тарбиялоо, театр ишмерлеринин кесиптик тажрыйба алмашуусуна дем берүү, алардын коомдогу ордун жогорулатуу жана дүйнөлүк маданий мейкиндикке интеграциялоо болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий