Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Бишкектин 145 жылдыгына карата борбор калаада балдар арасында футзал боюнча эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Футзал боюнча тайпалардагы беттештер "Виват" комплексинин спорт аянтчасында, плей-офф оюндары "Газпром-балдар" комплексинин базасында өттү.
Турнирге Бишкек шаарынын жана өлкөнүн аймактарынан 12 команда, ошондой эле Казакстандын командасы катышты.
Футзалдын жеңүүчүлөрү:
- 1 - орун - Акшукыр (Казакстан);
- 2 - орун - Виват;
- 3 - орун - Олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар, тиешелүү даражадагы дипломдор, ошондой эле белектер менен сыйланышты.
Пикир
Оставить комментарий