• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларында, соода түйүндөрүндө экологиялык таза буюмдарды сатуу сунушталды

Өкмөт 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, айлана-чөйрөгө, адамдардын саламаттыгына зыян келтирип жаткан желимден жасалган буюмдар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө адистер, өзгөчө Ысык-Көл облусундагы кырдаалга токтолушту. Алардын белгилешинче, синтетикалык таштандылар Ысык-Көл акваториясынын флорасына жана фаунасына терс таасир алып келүүдө.

Төрөбаев бул багытта атайын ченемдик укуктук актылар иштелип чыгуусун белгиледи.

“Баарыбызга белгилүү, желим бөтөлкөлөр, баштыктар жана башка буюмдар узак жылдар бою сакталып тура берет. Акыры ал адамзатка жана жаратылышка зыян алып келет. Ошол себептүү, экологиялык жактан таза буюмдарды колдонууга өтүүбүз зарыл”, - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө Ысык-Көл облусундагы бардык эс алуу жайларында, соода түйүндөрүндө желимден жасалган буюмдардын ордуна экологиялык жактан таза, кагаздан жасалган буюмдарын сатуу жана колдонуу сунушталды. Аны менен катар кагаздан жасалган баштык жана идиш буюмдарды чыгаруучу ишкана ачуу маселеси көтөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, акыркы бир айда Ысык-Көл акваториясынан Түп районунун Өрүктү айылынан тартып Жети-Өгүз районунун Кызыл-Туу айылына чейин мыйзамсыз 48500 чарчы узундуктагы балык уулоочу тор, 4425 кг синтетикалык таштандыны көлдүн астынан чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий