• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте балдар арасында футзал боюнча эл аралык турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Бишкектин 145 жылдыгына карата борбор калаада балдар арасында футзал боюнча эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Футзал боюнча тайпалардагы беттештер "Виват" комплексинин спорт аянтчасында, плей-офф оюндары "Газпром-балдар" комплексинин базасында өттү.

Турнирге Бишкек шаарынын жана өлкөнүн аймактарынан 12 команда, ошондой эле Казакстандын командасы катышты.

Футзалдын жеңүүчүлөрү:

  • 1 - орун - Акшукыр (Казакстан);
  • 2 - орун - Виват;
  • 3 - орун - Олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар, тиешелүү даражадагы дипломдор, ошондой эле белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий