Бишкекте балдар арасында хоккей боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 25.08.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте балдар арасында хоккей боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт боюнча департаментинин директору Канат Шабданбаев билдирди.

Анын айтымында, турнир 25-августтан 5-сентябрга чейин Bishkek Arena муз аянтчасында болот.

Нет описания.

“Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу сегиз өлкөнүн катышуусунда балдар арасында хоккей боюнча мелдеш өткөнү жатат. Балдар арасында кышкы спорттун түрүн өнүксүн деген максатта турнирди өткөрүп жатабыз”, - дейт ал.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Асел Абдыгулова балдар үч жаш куракта: 10, 12 жана 14 жаш арасында командалар ойной турганын айтат.

Нет описания.

“Президент Садыр Жапаровдун колдоосу алдында өтө турган мелдешке АКШ, Латвия, Эстония, Түркия, Румыния, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын аймактарынан алты команда катышат”, - деди Абдыгулова.

Абдыгулова президенттин кубогу үчүн оюндун ачылышында, 28-августта сегиз өлкөнүн хоккей федерациялары ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюларын кошумчалап кетти.

“Меморандумдун максаты тажрыйба алмашуу, балдарды тандоо, калыстардын окуу-машыгуусун өткөрүү болууда. Белгилей кетсек, бизде хоккей боюнча калыстар жана калыстык кылуу жагы аксап келет. Ушул багытта иш жүргүзөбүз. Мындан сырткары, турнирдин алкагында Кыргызстанга АКШнын хоккей академиясынын өкүлдөрү келип, биздин балдарга мастер-класс өткөрөт. Ошондой эле мыкты ойногон балдардын хоккей академиясына окуусуна тандоо жүргүзөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий