• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык Рамина Цой футбол боюнча дүйнө чемпиондугунда калыстык кылат

Спорт 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Кыргызстандык Рамина Цой Коста-Рикада өтө турган кыз-келиндер арасындагы (U-20) Дүйнө чемпиондугунун калыстарынын тизмесине кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси билдирди.

Маалыматка ылайык, 16 курама команда катышкан дүйнө чемпионаты 10-28-августта өтүп, финалы 28-августта Сан-Хосе шаарындагы Коста-Рика улуттук стадионунда болот.

Бул чемпионатта Цойдон тышкары, Азия футбол конфедерациясы 2 арбитр, 3 жардамчы жана эки арбитр VARдын атынан чыгат.

Белгилей кетсек, Рамина Цой 2018-жылдан бери ФИФАнын реферинин жардамчысы.

Пикир

Оставить комментарий