• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте хоккей боюнча эл аралык турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. 4-7-апрелде шаардык Муз аянтында хоккей боюнча өспүрүмдөр арасында Бишкек шаарынын мэринин Эл аралык Кубогу Россия, Казакстан жана Кыргызстан командаларынын арасында өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Хоккей боюнча өспүрүмдөр турнири Бишкекте алгачкы жолу өтөт. Мелдешке 150дөн ашык жаш хоккейчилер катышат. Оюндар 2 жаш категорияда 2006- жана 2009-жылы туулган өспүрүмдөр арасында өтөт.

Мэрдин Кубогу сергек жашоо образын жайылтуу, балдардын ден соолугун чыңдол, Бишкек шаарында хоккейди жайылтуу, өлкөлөр арасында спорттук достук мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү, КР курама командасына талапкерлерди тандоо максатында өткөрүлүп жатат.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын дипломдору, медалдары жана эстелик белектери менен сыйланат.

Турнирдин уюштуруучулары – Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы.

Мелдештердин башталышы - 5-апрель, саат 9:00. Турнирдин ачылышы белгилүү артисттердин катышуусунда 5-апрелде 12:00дө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий