Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. Бишкекте батирден 91 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды, - деп билдирет КР ӨКМдин маалымат кызматы.
Ведомствонун маалыматына караганда, куткаруучулар Ленин районунун Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 91 жаштагы М.Н. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.
Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген, эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Пикир
Оставить комментарий