• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көлдө жеңил унаа менен бензовоз сүзүшкөн

Кырсык 0


Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Ысык-Көл районунда Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда күн мурун “Ауди-100” жана “КамАз” үлгүсүндөгү бензовоз сүзүшкөн.

“Кабар” агенттигине ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча бензовоздун айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен.

Учурда унаалар айып аянтчасына киргизилди. Кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий