Бишкекте Баткен облусун комплексттүү өнүктүрүүгө багытталган донордук кеңеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Баткен облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн деңгээлин жогорулатуу, инвесторлорду тартуу үчүн КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен өнүктүрүү багытындагы өнөктөштөрдүн ортосунда диалог жүргүзүү жана туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, донордук кеңеш өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча Регионалдык бюросунун директору Ивана Живкович, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьевалардын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын, донордук уюмдардын, каржы институттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Бул аянтча Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн болду.

Иш-чаранын максаты — биргелешкен аракеттерди талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана Баткен облусунун туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүсүнө, аймактагы туруктуулукту жана өнүгүүнү бекемдөөгө көмөктөшүүчү координацияланган жана комплекстүү мамиле үчүн стратегиялык демилгелерди калыптандыруу болуп саналат.

Кеңештин катышуучуларына КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров Баткен облусун өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары тууралуу кеңири маалымат берди. Негизинен айыл-чарба, өнөр-жай, бизнести жана ишкердикти колдоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү, креативдүү экономика жана жашыл экономика, туризм тармактарындагы мүмкүнчүлүктөр сунушталды.

Белгилей кетсек, БУУӨП аймакты комплекстүү өнүктүрүү боюнча өз сунушун киргизип, социалдык-экономикалык, жашылдандырууну жакшыртуу, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү жана экономикалык өз алдынчалыкты илгерилетүү боюнча макулдашуулар жетишилди.

Донордук кеңешти уюштурууга БУУӨП колдоо көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий