• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жарыктандыруу калыбына келтирилди

Аймак 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жана Кара-Көл шаарында электр жарыгы берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Жалал-Абад шаарынын да айрым бөлүктөрүндө жарыктандыруу калыбына келтирилди.

Тийиштүү адистер тарабынан башка аймактарда да электр энергиясын берүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий