• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Баткен окуясында курман болгон аскерлердин элесине арналган мелдеш өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Бишкекте 1999-2022-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жаркын элесине арналган аскердик кармашып урушу боюнча мелдеш өтүүдө.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, аскер кызматкерлеринин арасында уюштурулган мелдештин ачылыш аземи Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду. Ага Улуттук гвардиясынын колбашчысы Талантбек Эргешов, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, спортчулар жана чакырылган коноктор катышты.

Талантбек Эргешов өз сөзүндө ар бир аскер кызматчысы душманга курал менен да, куралсыз да туруштук бере алышы керектигин, спорттун бул түрү кайраттуулук, чечкиндүүлүк, өзүнө болгон ишеним сыяктуу сапаттарды өрчүтөт деп белгиледи. Ошондой эле ардагер Абдыгул Чотбаев мелдештин катышуучуларына кызыктуу беттештерди жана ишенимдүү жеңиштерди каалады.

Белгиленгендей, колбашчынын кубогу үчүн мелдешке күч түзүмдөрүнүн 13 курама командасы катышып, алар он салмактык категорияда күч сынашат. Турнирдин жеңүүчүлөрү жеке биринчиликте да, командалык мелдеште да аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий