• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азия Кубогу: Кыргызстан 1:2 эсеби менен Кытайга утулуп калды

Спорт 0

Бишкек. 07.01.19 /Кабар/. Бириккен Араб Эмиратында өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстан бүгүн Кытай командасына утулуп калды.

Оюн Аль-Айн шаарында өтүп, кыргыз футболчулары 1:2 эсеби менен жеңилип калышты.

42-минутада Ахлидин Исраилов эсеп ачып, Кыргызстан 1:0 эсебинде алдыга чыккан.

Экинчи таймдын башында (50 мин) кыргыз дарбазачы Павел Матяш одоно ката кетирип өз дарбазасына гол киргизип алган.

78-минутада Матяш дагы бир ката кетирип, бул мүмкүнчүлүктү кытай футболчулары колдон кетирбей дагы бир гол киргезе алышты.

Экинчи оюнду Кыргызстан 11-январда Түштүк Корея менен өткөрөт. Бул матч Бишкек убактысы боюнча 22:00 башталат.

Эске салсак, Азия Кубогуна 24 курама команда катышат. Кыргызстан C тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин командалары менен ойнойт.

Кыргызстандын бардык оюндарын "КТРК-Спорт" каналы түз эфирде көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий