• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте базарлардын санитардык абалы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 02.02.24./Кабар/. Бишкекте базарлардын санитардык абалы текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан жалпысынан борбор калаада жайгашкан 34 базар жана кичи базарлардын санитардык абалы жана көрктөндүрүлүшү боюнча рейд жүрдү.

Атап айтканда, «Дордой-Алкан», «Дордой-Аламүдүн», «Дордой-Жунхай», «Дордой-авто тетиктер», «Дософорт», «Евразия», «Чолпон», «Оберон», «Ак-Эмир», «Ак-Чүй» базарлары, «Шар-Чебер», «Берекет Гранд», «Берекет Универсал», «Реконс Баткен» ЖЧКсы, «Орто-Сай» базары, «Айни», «Тилек», «Көк-Жар», кичи базарлары, «Май кампасы» базары, «Курулуш» ЖЧК курулуш материалдар базары, мал базарлары – «Сары Суукан», «Кудайберген», «Ак май» базарлары текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 114 протокол түзүлүп, 50 чарбакер субъекттин өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жазуу жүзүндө 22 билдирүү берилди.

Ушундай эле текшерүүлөр күчөтүлгөн тартипте улантылат.

Эскерте кетсек, КР колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында муниципалдык инспекциянын талаптарын аткарбаган адамдарга карата чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий