• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте мектеп окуучулары белгилүү диктор Гүлшан Молдоева менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/ Бишкектеги № 86 орто мектептин окуучулары КР Эл артисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, белгилүү диктор Гүлшан Молдоева менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуу учурунда Гүлшан Молдова өзүнүн балалыгы, жетишкен ийгиликтери, эфирдеги кызыктуу окуялары менен бөлүштү. Ошондой эле окуучуларга билимге умтулуп, ак ниет эмгектенүүнү каалады.

Иш-чара жаш муундардын интеллектуалдык, адеп-ахлактык, маданий, чыгармачылык эстетикалык өнүгүүгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий