Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери кызга кол салууга шектелген жаранды кармады.
“Кабар” агенттигине Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 28-майда О. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал ошол күнү саат 03:20 чамасында 12-кичирайонундагы супермаркеттердин биринде эч себепсиз денесине залал келтирген белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факт Октябрь РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алынган жаракаттар боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ошол күнү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 1982-жылы туулган Э.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертизанын корутундусу даяр болгонго чейин кое берилген.
Пикир
Оставить комментарий