Бишкекте бекилип калган батирден аял кишинин сөөгү табылды

Коом 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Бишкекте бекилип калган батирдин ичинен аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунда куткаруучулар 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан үйдүн 108-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен аял кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий