• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Бишкектеги Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени жана «Даңк» медалынын ээси Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүүдө.

Белгилей кетсек, Бексултан Жакиев 2021-жылдын 25-апрелинде катуу оорудан улам 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.

Пикир

Оставить комментарий