• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Рамазан айында COVID-19га каршы эмдөөдөн өтсө болобу? Муфтияттын жообу

Коом 0

Бишкек, 26.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында муфтияттын өкүлү Бактияр Токтогазы уулу Рамазан айында вакцинага уруксат берилери же берилбеси тууралуу айтып берди.

Бактияр Токтогазы уулу вакцина маселесине жарандар кайдыгер карабастан ден соолугуна маани бериши керектигин белгиледи. “Буга чейин Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина келген. “Рамазан айында вакцина алса болобу?” деген сууроолор түшкөн. Вакцина орозого эч таасир этпейт. Эгерде кимде-ким бул айда коронавируска каршы эмдөөдөн өтөм десе, эч маселе жаралбайт. Коркпостон вакцина алыңыздар, себеби ден соолук ар бир жаранга маанилүү”, - дейт ал.

Муфтияттын өкүлү кошумчалагандай, Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын россиядагы кесиптештери “Спутник V” вакцинасына изилдөө жүргүзүп, эч кандай карама-каршылык жок экендигин билдиришкен.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 26-апрелде “Вакциналар бизди жакындатат” урааны астында европалык эмдөө жумалыгы башталды.

Пикир

Оставить комментарий