• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештин биринчи күнү килемде күрөштүн эркин стили боюнча беттештер өтүүдө.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашууда:

Кыз-келиндер арасында эркин стиль: 53, 64, 79 кг ;

Эркектер арасында эркин стиль: 58, 63, 69, 76, 83, 91, 100, +100 кг;

Эскерте кетсек, бел боо күрөшү боюнча республикалык чемипонат эртең, 22-февралда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий