• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курамасы Азия чемпионатынан кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Тегеран шаарында өткөн Азия чемпионатынан кайтып келди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Бактияр Бокоев, КР Жеңил атлетика боюнча федерациясынын башкы катчысы Мелис Надырбеков жана спортчулардын жакындары тосуп алды.

Белгилей кетсек, жеңил атлетика боюнча улуттук курама команда 17-февралдан 20-февралга чейин Иранда өткөн Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болгон. Нурсултан Кеңешбеков 1500 жана 3000 м аралыкка чуркап алтын медалга ээ болду. Ошондой эле кыз-келиндер арасында катышкан Айнуска Калил кызы 1500 м аралыкка чуркап күмүш медаль тагынса, 3000 м аралыкты 9:27618 секунд убакыт аралыгында чуркап өтүп коло медалга ээ болгон.

Курама команда башкы машыктыруучу Татьяна Барисованын жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий