• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

CAFA Nations Cup 2023: "Ак шумкарлар" Ирандын футболчуларына утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 16.06.23./Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ирандын футболчуларына 1:5 эсебинде утулуп калды.

Эки өлкөнүн курама командалары борбор азиялык CAFA Nations Cup турниринин алкагында бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешти.

Атаандаштардын дарбазасына улуттук команданын жалгыз голун оюндун экинчи бөлүгүндө Мирлан Мурзаев киргизди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы эми CAFA Nations Cup турнириндеги 3-орун үчүн кезектеги беттешти Ташкентте өткөрөт. Оюн 20-июнга белгиленген. Атаандаштары эртең Ташкентте өтө турчу Оман-Түркмөнстан жана Өзбекстан-Тажикстан оюнунун жыйынтыгында белгилүү болот.

Эске салсак, аталган турнирдин алкагында 10-июнда "Ак шумкарлар" Афганистандын курамасына каршы оюн өткөрүп, беттеш 1:0 эсебинде кыргыз футболчуларынын жеңиши менен аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий