• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бокс боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын курама командасы жети коло жеңди

Спорт 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы Таиланддагы Азия чепионатында жети коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионат Бангкок шаарында 19-январда башталып, 22 жашка чейинки спортчулар катышууда.

Коло байгенин ээлери:

Ислам Торобаев (54 кг),
Аскат Култаев (63,5 кг),
Ихтияр Нишонов (67 кг),
Нурадин Рустамбек уулу (71 кг),
Нурсултаев Болотбаев (86 кг),
Бакыт Токтосун уулу (92 кг),
Ооматбек Элчоро уулу (92 кг жогору).

Белгилей кетсек, спортчулар улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында чемпионатка катышты.

Пикир

Оставить комментарий