• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Бишкектин жалпы билим берүү уюмдарында 2024-2025-жаңы окуу жылына даярдыктар кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана орун басары Чынара Жаныкееванын катышуусунда жаңы окуу жылына карата мектептерде жана бала бакчаларда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине көз салуу максатында мониторинг өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу 5 орто мектепте жана 8 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ванна, канализация, чатыр, жылытуу системалары оңдолуп, жаңы терезелер орнотулууда, брусчатка төшөлүүдө.

Учурда №56 мектептин чатырын оңдолууда, №44 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ички жылытуу системасын оңдоо иштери аяктап, №14 мектеп, №106 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жылытуу системасын оңдоо иштери аяктады.

Пикир

Оставить комментарий