• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык журналисттерге гендердик темаларды чагылдыруу ыкмалары тууралуу маалымат берилет

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. БУУнун тутумундагы ири уюмдардын бири – Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен агенттиктин өнөктөштүгүнүн алкагында Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун башкы редактору Маргарита Симоньян катышкан видео көпүрөнүн башкы темасы ЖМКлардагы гендердик тең салмактуулук маселеси болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 28-мартта Sputnik Кыргызстан маалымат борборунун аянтында өтүп, Кыргызстан жана Россиянын медиаэксперттерин бириктирет. Бишкек убактысы боюнча 13:30да баштала турган видео көпүрөнүн конокторунун арасында БУУнун БАП программалык маселелер боюнча адиси Алтынай Маймекова жана “БУУ-Аялдар” долбоорунун координатору Жыпара Турмаматова катышып, Кыргызстандагы гендердик тең салмактуулук маселелери тууралуу айтып беришет. Ошондой эле, гендердик темаларды чагылдырууда журналисттердин кесипкөйлүк компетенцияларынын өнүгүшү талкууланат.

Видео көпүрөнү Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда кесипкөй журналисттер уга алышат. Катышуу үчүн каттоодон өтүү зарыл. Аты-жөнүн көрсөтүп, “мастер класс” белгиси менен elizabeth.zalkind@wfp.org дарегине кат жөнөтүп, же +(312) 66 00 33 (кошуу номери # 2430) телефонуна билдирме калтыруу керек. Каттоо 27-март 17:00гө (Бишкек убакытысы) чейин болот. Аккредитация үчүн орундар чектелүү. Иш-чараны онлайн берүү бардык каалоочулар үчүн Sputnik Кыргызстан ресурстарында жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий