• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Манас” аэропорту жүргүнчүлөрдөн каттоодон өтүүгө алдын ала келүүсүн өтүнөт

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы жүргүнчүлөрдү учууга жана каттоодон өтүүгө кечигип калбоосу үчүн аэропортко эртерээк келүүсүн өтүнөт.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, кайрылуу айрыкча Бишкек-Москва маршруту аркылуу учуучу «Аэрофлот» авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрүнө тийиштүү, анткени бул каттамда чоң аба кемелери учуу аткарышууда.

«МЭА» ААК ошондой эле Россияга кирүүдө Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарына COVID-19дун профилактика чараларын эске алууну өтүнөт:

- «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинде 72 саат аралыкта активдүү ПЧР-тесттин терс жыйынтыгынын болуусу зарыл.

Бардыгыңыздарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, өз ден-соолугуңуздарды жана аэропорттун кызматкерлеринин коопсуздугун тобокелге салбооңузду өтүнөбүз.

Пикир

Оставить комментарий