• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Чүй облустук милициясынын жана Жамбыл облустук полициясынын жетекчилери жолукту

Коом 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Кечээ, 23-майда Кыргызстандын Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Казакстандын Жамбыл облустук полиция департаментинин жетекчилеринин жумушчу кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысы Сапарбек Асаналиев жана анын орун басары Каныбек Абдрахманов, Чүй ОИИББдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, Талантбек Аттокуров жана Жамбыл облусунун полиция департаментинин башчысы Арманбек Баймурзин, Жамбыл облустук полиция департаментинин Криминалдык полиция бөлүмүнүн башчысы Канат Кожомкулов, полициянын ага лейтенанты Айдос Ибраимов катышты.

Чүй ОИИББнин башчысы Сапарбек Асаналиев өз сөзүндө эл аралык келишимдерге ылайык, бүгүнкү күндө Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери менен Жамбыл облустук полиция департаментинин кызматкерлери арасында активдүү иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Жамбыл облусунда чек арага жакын аймактардагы кылмыштуулуктун абалын көзөмөлгө алууну жана коңшу мамлекеттердин аймагында жашырынып жүргөн кылмышкерлерди аныктоодо биргелешкен иш-аракеттерди көрүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Жамбыл облусунун полиция департаментинин жетекчилери эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашып, мындан ары биргелешкен иш аракеттерди жүргүзүп, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, маалымат алмашууда жана башка иштерде тыгыз иш алып баруу жолдорун макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий