Бишкекте билим берүү тармагындагы мамлекеттик тилдин абалын талкуулаган жыйын өттү

Билим 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунда “Билим берүү тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын өттү.

Жыйынга Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева, президенттин администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы О. Капалбаев, Кыргыз Жогорку Кеӊештин депутаты К. Талиева, Кыргыз Республикасынын Баатыры М.Шеримкулов, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги С.Мусаев, ошондой эле министрликтин борбордук аппараты жана ага караштуу мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер, жогорку окуу жайлардын ректорлору, орто кесиптик окуу жайлардын директорлору жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Билим берүү жана илим тармагында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана “Инфодокс” системасындагы абалы боюнча аналитикалык талдоонун жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамы тууралуу” да баяндама жасады.

Соңунда иш-чара кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий