Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Бишкекте бир эле учурда № 33, 89, 67 мектептеринин жана Кыргыз-Орус Славян университетинин башкы корпусунун имаратында бомба изделүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын билдирүүсүнө караганда, жеринде ыкчам-тергөө топ иштеп жатат. Окуу жайлардын имаратынын аймагы курчоого алынган.
Кызматкерлер, мектеп окуучулары жана студенттер эвакуацияланды. Жеринде ошондой эле ИИМдин кинологдору иштеп жатышат.
Пикир
Оставить комментарий