• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Япониядагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 126га жетти

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/ Япониядагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 126га жетти. Бул тууралуу The Japan Timesсо расмий булактарга шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Хиросимада 47 адам көчкүнүн түшүшүнө себеп болгон нөшөрлөп жааган жамгырдан улам каза болгон. Окаямада 36, Эхимеде 25 киши набыт болгон. Дагы 86 адам дайынсыз жоголгон.

Өлкөнүн метеорологиялык агенттиги билдиргендей, жер көчкүлөр дагы деле коркунуч туудурууда. Табигый кырсыктан жабыркагандар жашаган райондордо жарандык коргоо күчтөрү тарабынан куткаруу операциялары жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, нөшөрлөп жааган жаан Японияда 5-июлда башталган. 8-июлга карата Кюсю дана Сикоку аралдарында 76дан кем эмес киши көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий