• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Нарында изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 11.07.23./Кабар/. Ат-Башыда аты табылып, өзү дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, маркумдун сөөгү Ак-Моюн айылындагы суу көзөмөлдөөчү мурап Өмкө каналынан табылган.

Куткаруучулар 21 жаштагы Э. уулу А. жигиттин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти

Белгилей кетсек, аталган тургун ушул жылдын 7-июлунда Ак-Сай өрөөнүнө кеткен. Анын аты Ача тилкесинен табылып, өзү дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.

Жоголгон адамды бүгүн издөөгө жалпысынан 12 куткаруучу чыккан.

Пикир

Оставить комментарий