• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

11-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 11-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош облусунун дыйканчылык аймагында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Талас, Ысык-Көл облусунда +29...+34, Нарын облусунда +22...+27 градуска чейин жетет.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +32...+34 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий