• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспорттордун кыш мезгилине даярдыгы текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук транспорттордун айдоочуларына кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Милициянын кайгуул кызматынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун соңку токтоочу аялдамаларына барып, айдоочуларга кыш мезгилине карата маршруттук унаалардын даярдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушуу учурунда унаанын техникалык абалына көңүл буруп, жарык берүүчү, айнек тазалоочу, электр шаймандарын, аккумулятордун зарядынын туура иштешин текшерүү менен бирге сөзсүз түрдө жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу зарылдыгын эскертишти.

"Күз-кыш мезгилинде алар жолдо өзгөчө этият болуп, жол эрежесин так сакташы керек. Коопсуздукка көңүл бөлүп, тилкеден тилкеге өтүүдө жана жолдо башка айла-амалдарды жасоодон алыс болуу керек. Унаалардын ортосундагы аралыкты жана каптал аралыкты сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүшүп, ылдамдыкты мүмкүн болушунча коопсуз деңгээлге чейин азайтуу жана эскертүүчү жарык күйүп турушу керек экенин белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери менен биргеликте абанын булганышына себепчи болгон унааларга карата рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий