• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тоң районунда жүк ташуучу унаа сайга кулаган. Бир адам каза болуп, төртөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 24.10.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кырчын тилкесинде "КамАЗ" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сайга кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаа ГЭС курулуп жаткан жерге жүк ташып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши (аты жөнү такталууда) каза болуп, 4 эркек киши (аты жөндөрү такталууда) жабыркаган.

Жерине ӨКМдин авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адамдар менчик унаа менен ооруканага жеткирилген

Пикир

Оставить комментарий